Биз менен байланышыңыз

Yaşar Doğu-2022: Кыргызстандын балбандары 6 медаль менен кайтып келишти

Кыска кабар , Спорт | 28 Фев 2022 | 289 | 0

23-февралдан 27-февралга чейин Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan рейтингдик турниринде Кыргызстандын балбандары жалпы 6 медаль алышты.

Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы ( 76 кг) менен эркектер арасында эркин күрөш боюнча Алмаз Сманбеков (57 кг) алтын медаль тагынды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш, эркектер арасында эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг), Арсалан Будажапов (79 кг) коло медалды багындырышты.

Белгилей кетсек, бул турнир рейтингдик беттеш болуп эсептелет. Спортчулар алган упайларына жараша 2022-жылдын дүйнөлүк рейтингиндеги ордун аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM