Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 22 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 28 Фев 2022 | 174 | 0

Кыргызстанда 28-февралга карата коронавирус 22 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 20, Ысык-Көл облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 105 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 187 бейтап, амбулатордук түрдө 620 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 957 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM