Connect with us

Зеленский: Украина чет өлкөлүк ыктыярчылар үчүн эл аралык легион түзөт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 1800 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда жаңы аскер бөлүгү – Украинанын аймактык коргонуусу үчүн эл аралык легион түзүлөрүн жарыялап, чет өлкөлүктөрдү катарга турууга чакырды. Жаңы бөлүктүн курамын чет элдиктер түзүп, алар украиндер менен бирге Орусияга каршы турушат.

Украина Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы № 248 Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар ыктыярдуу негизде Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөгө  укуктуу.

«Ошого байланыштуу Украина жетекчилиги орус баскынчыларына каршы турууга жана дүйнөлүк коопсуздукту коргоого кошулууну каалаган бардык чет элдиктерди  биздин мамлекетке келип, аймактык коргонуу күчтөрүнүн катарына кошулууга чакырат. Чет элдиктерден өзүнчө бир бөлүк түзүлөт, ал —  Украинанын аймактык коргоонун эл аралык легиону», — деди Зеленский өз кайрылуусунда.

Буга чейин Украина Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза тапканын, 1115 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Ал эми 26-февралда Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө жакыны туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айткан. Бирок Орусия тарап бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM