Connect with us

Бүгүн шайлоо алдындагы жымжырттык күн

Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 274 | 0

Бүгүн, 26-февралда таңкы саат 8ден баштап Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарындагы кайра добуш берүүгө байланыштуу үгүт иштери токтоду. Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынып, жамжырттык күнү жарыяланат.

Эртең 27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо «баарына каршы» добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM