Биз менен байланышыңыз

Байден Украинаны колдоо үчүн 600 миллион доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 157 | 0

АКШ президенти Жо Байден Мамлекеттик департаментке Украинанын колдоо үчүң 600 млн доллар бөлүүнү тапшырды. Мунун 350 млн доллары коргонуу, коопсуздук тармагына каралса, 250 млн доллары гуманитардык жардам иретинде берилет. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Америка лидери Киевге тез арада аскердик жардам көрсөтүү боюнча меморандум кабыл алган. Анда: «Мамлекеттик катчыга Украинага токтоосуз аскердик жардам көрсөтүү үчүн төмөнкү ыйгарым укуктарды бериңиз», — деп айтылат.

Буга чейин Ак үй АКШ Конгрессинен 6,4 млрд доллар сураган. Бул сумманын 2,9 млрд доллары Киевдин коопсуздук тармагын бекемдөөсүнө жана гуманитардык жардам үчүн жумшалары, калганы Пентагондун муктаждыктарына кетери белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM