Биз менен байланышыңыз

Facebook, Instagram жана Telegram глобалдык үзгүлтүккө учурады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 358 | 0

Кечээ, 25-февралдын кечинде Facebook, Instagram жана Telegram мессенджеринде глобалдык өчүрүүлөр болду. Бул тууралуу Downdetector сайты жазды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары тиркемедеги көйгөйлөргө (69%), профилге кире албаганына (16%), веб-сайтты колдоно албаганына (15%) даттанышты. Мындай билдирүүлөр Орусия, Германия, Франция, АКШ жана башка бир катар өлкөлөрдө болгон.

Telegramды алсак, колдонуучулардын 44%ы серверге туташуудагы көйгөйлөргө, 29%ы билдирүүлөрдү кабыл алуудагы көйгөйлөргө, дагы 27%ы тиркемедеги көйгөйлөргө тушугушкан. Орусия, Украина, Германия, Франция жана башка бир катар мамлекеттердин тургундары социалдык тармактарга кире албай калышкан.

Буга чейин ошол эле күнү үч банктын: «Сбербанктын», «Райффайзенбанктын» жана ВТБнын, ошондой эле «Ростелекомдун» сайттарынын ишинде техникалык мүчүлүштүктөр катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM