Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согуш: Орусиялык ишкерлер 39 млрд $ жоготту

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 1006 | 0

Bloomberg агенттигинин эсеби боюнча, Орусия менен Украинанын согушунун биринчи күнүндө орусиялык ишкерлер 39 млрд доллар зыян тартты.

Эң көп «Лукойл» компаниясынын президенти Вагит Алекперов бир сутка ичинде 6,2 млрд доллар жоготуп, жалпы байлыгы 13 млрд долларга түштү.

«Северсталь» компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Алексей Мордашов бир күндө 4,2 млрд доллар жоготту. Анын байлыгы 23 млрд долларга азайды.

«Норникель» компаниясынын президенти Владимир Потанин 3 млрд доллар кирешесинен куру калды. Анын байлыгы 26,1 млрд долларды түзөт, ал учурда Орусиядагы эң бай ишкердин бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM