Биз менен байланышыңыз

Орусия: Украинанын 150дөн ашуун жоокери куралын таштады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 183 | 0

Украинанын 150дөн ашык жоокери жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери куралын таштады. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков билдирди.

«Согуштук аракеттердин жүрүшүндө Украинанын ар кандай күч түзүмдөрүнүн 150дөн ашык кызматкери куралын таштады. Змеиный аралынын аймагында 82 украин жоокери куралын таштап, өз ыктыяры менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнө багынып берди», — деди ал.

Бул Орусия аскерлери менен ДНР жана ЛНР элдик милициясынын атайын операциясынын натыйжасында ишке ашканын кошумчалады. Ошондой эле учурда багынып берген Украина жоокерлери жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери согуштук аракеттерге катышуудан баш тартуу боюнча кол топтоп жатышканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM