Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы турнир: Бүгүн Кыргызстандын балбан кыздары күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 25 Фев 2022 | 454 | 0

Бүгүн, 25-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Яшар Догу, Вехби Емре, Хамит Каплан эл аралык турниринде Кыргызстандын балбан кыздары күрөшөт.

Айта кетсек, турнирге кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) жөнөп кеткен.

Булардан тышкары грек-рим күрөшүнөн балбандар Бекжан Коңурбаев менен Сүймөн Икрамов да алгачкы беттештерин өткөрөт.

Яшар Догу, Вехби Емре, Хамит Каплан эл аралык турнири 23-февралда башталган, 27-февралда жыйынтыкталат. Ага Олимпиада, Дүйнө чемпиондору, эл аралык аренада таанымал балбандар да катышып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM