Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Орусияга каршы үчүнчү санкциялар топтомун даярдап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 148 | 0

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрүнүн лидерлери 24-февралдан 25-февралга караган түнү Брюсселде өткөн саммит учурунда Донбасстагы аскердик операцияга жооп катары Орусияга каршы үчүнчү санкциялар топтомун даярдады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги биримдиктеги ишенимдүү өкүлдүн берген маалыматына таянып жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, лидерлер саммиттин башынан эле санкциялардын үчүнчү топтомун даярдоону талкуулашкан. Анда Орусияны SWIFT (SWIFT дүйнө жүзүндөгү ишкерлер төлөм тапшырмаларын, келишимдерди, тастыктоолорду жана башка каржылык документтерди алмашуучу мессенджер) эл аралык төлөм системасынан ажыратуу да камтылышы мүмкүн. Бирок бул боюнча бирдиктүү чечим жок, себеби Германия мындай чарага каршылык көрсөткөн.

Кошумчалай кетсек, ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путинди да «кара тизмеге» киргизүүнү көтөрүшкөн. Бирок бул маселе боюнча да чечим чыга элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM