Биз менен байланышыңыз

Аалиев: «Мамипотекалык компаниянын» капиталын 8,5 млрд сомго көбөйтүү зарыл

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 251 | 0

Президенттин тапшырмасын аткаруу иретинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин катышуусунда «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» ишмердиги боюнча кеңешме өттү.

Жыйында акционердик коомдун турак жай куруу аркылуу фондун жогорулатуу планы тааныштырылып, «Менин үйүм-2021-2026» программасын ишке ашыруунун алкагындагы компаниянын ишинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга каражат бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык кредитке болгон калктын бардык муктаждыгын канааттандыруу зарылдыгы тууралуу билдирди. Буга байланыштуу Финансы министрлигине тийиштүү тапшырма берди.

Тапшырмага ылайык, март айынын аягына чейин 1 миллиард сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» баштапкы капиталын 8,5 миллиард сомго көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары ал Экономика жана коммерция министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Мамлекеттик ипотекалык компанияга»  турак-жай курулушун жөнгө салуу максатында ипотекалык насыя программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM