Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярданууда

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 1080 | 0

24-февралда Билим берүү жана илим министрлиги «PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоо: изилдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү. Максатка жетүү үчүн алгачкы кадамдар» аттуу семинар өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлдү.

Семинарга билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова, Гүлнур Джайнакова, министрликтин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн адистери, Кыргызстандагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн, билим берүү институттарынын жана усулдук борборлордун башчылары катышты.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстан 2025-жылы окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катыша турганын айтып, ага даярдык көрүү маселелерине токтолду. Ал PISA-2025ке катышууга даярдык көрүү максатында түзүлгөн Жол картага ылайык жумуштар аткарылып жатканын, анын маңызын билим берүү түзүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилерине, ЖОЖ, колледждердин окутуучуларына, мектеп директорлоруна жана мугалимдерине, ата-энелерге жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Изилдөө окуучулардын сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM