Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Нур-Султан шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-казак мамилелери оң динамикага ээ. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү көлөмү 30,9%га өсүп, 1059,5 млн долларды түздү. Анын айтымында, өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүн эки эсеге жогорулатуу зарыл.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин башчысы 2022-жылдын февраль айында Алматы шаарында өткөн эки өлкө ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун I кеңешмесинин жыйынтыгына канааттануусун билдирди.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ошондой эле эки республика ортосундагы товар жүгүртүүнүн жагымдуу динамикасын жана анын көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Ак-Тилек» жана «Карасу» өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди жана Кыргызстанга дүң бөлүштүрүү борборун куруу, Бишкек шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачуу жана башка маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду апрель айында Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө жана Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин X жыйынын өткөрүүгө чакырды.