Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Көчкүдө калган жарандарды издөөгө Орусиядан адистер келет

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 116 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 14-февралда көчкүдө калган жарандарды издөө жүрүп жаткан жерге барды.

Такталган маалыматка ылайык, тоо боорунан 17 жолу майда, 8 ирет чоң көлөмдөгү көчкү түшкөндүктөн, ныкталып калган. Туннелдин түштүк тарабындагы изделип жаткан 3 адамды басып калган кар 1,5 млн кубометрди түзөт.

Министр Бообек Ажикеев жакынкы күндөрү издөө ишин жүргүзүү үчүн көчкүнү рентген съемка кыла турган жабдыгы менен Орусиядан атайын адистер келери күтүлүп жатканын билдирди.

Гидрометеорология кызматынын берген божомолуна ылайык, күн ачык болгондуктан кар эрип, кайра кайталап көчкү түшүү коркунучу бар. Кардын көлүмү чоң болгондуктан издөө иши татаал жана оор болууда.

Учурда түшкөн кардын бийиктиги 40 метр, айрым жери 60 метрге чейин жетет. Ага карабастан, куткаруучулар 30-40 метрден ашкан тереңдикке түшүп, өмүрүн тобокелдикке салуу менен издөө ишин жүргүзүүдө.

Кырсык орун алган аймакта жарандарды издөө ишин министрликтин кызматкерлери окуя болгон күндөн бери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Жеринде 58 куткаруучу, үйрөтүлгөн иттер менен, атайын каражат менен 2 адис, 5 экскаватор, 1 бульдозер, грейдер жана 2 унаа жүктөгүч иштеп жатат.

14-февраль күнү «Түндүк-Түштүк» альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында жана 338-чакырымында тоннелдин түштүк тарабына кар көчкү түшүп, «Чайна роуд» ишканасынын 4 кызматкерин кар басып калган. Алар аталган аймакта жол куруу иши менен алектенип жатышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM