Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен кетти

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 154 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга кеткени кабарланды. Жапаров 24-25-февраль күндөрү Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан Жогорку Евразия экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразия экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашуу, жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү каралат.

Ошондой эле 2022–2023-жылдарга биримдик өлкөлөрүндө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы талкууланат.

Мындан тышкары жыйында «Евразиялык агроэкспресс» тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын мультимодалдык ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоору жана башка бир катар маселелер каралмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM