Биз менен байланышыңыз

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрт жылдык бюджети каралды

Экономика | 24 Фев 2022 | 1208 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрт жылдык бюджети каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Тактап айтканда 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланды. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган тиешелүү жетекчилер катышты. Жыйында депутаттар бюжеттин аткарылышынан сырткары саламаттык сактоо тармагына тиешелүү бир катар суроолорду беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңешин бүгүнкү жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында белгилүү болгондой, 2020-жыл үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттик параметрлери кирешелер боюнча 17 млрд 137 млн сом жана чыгашалар боюнча 16 млрд 9 млн сом суммасында белгиленип, 97%га аткарылган.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2020-жылы канча каржылык мыйзам бузуу аныкталганына кызыкты.

Эсеп палатасынын өкүлү Зайирбек Жоробеков 37,3 млн сом көлөмдөгү каржылык мыйзам бузуу аныкталгандыгын билдирип, анын ичинен 13 млн сом гана калыбына келтирилгендигин айтты.

Негизи 24,3 млн сом калыбына келтирилиши керек болчу.

«Биз ошол кезде кайсы бузуулар болгонун тактап чыкканбыз. Бирок 2020-жылдын июнь-июль-сентябрь айларында өзүнчө токтом чыгып, ошол кезде көп акча коронавирус оорусу менен күрөшүүгө берилген экен. Ошолорду тактап, учурда алар кайтарылып берилип жатат. Ал сумма айлыктан жана дары-дармектен кайтарылып берилип жатат», — деди Бейшеналиев.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында дүйнө жүзүндөгү бардык операция жасалып жаткандыгы белгилүү болду. Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, аталган ооруканада бөйрөк менен боорду алмаштыруучу операция киргизилген, бир жылда 300гө чейин операция жасоо пландалып жатат. Бөйрөк жана боорду алмаштырууга уруксат берүү боюнча мыйзам өткөн жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

«Ага өкмөттөн 20 млн сом бөлүнүп, лабораторияга жалпы текшерүүчү аппарат алынган. Ошол эле учурда рак ооруларын лазердик нур менен дарылоо үчүн адистер окутулуп жатат. Ушул демалыш күндөрү 3 адисти атайын окуп келүү үчүн Орусияга жөнөтүп жатабыз. Алар окуусун аяктап келгенден кийин рак шишиктерин лазердик нур менен ала баштайбыз».

Талкуу маалында депутат Нурланбек Шакиев фонддун 20 млрд сом каражаты оорулууларды дарылоого кетээрин айтып, андыктан илдеттердин алдын-алууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады. Муну менен катар депутат саламаттыкты сактоо министринин айрым медициналык окуу жайларды жоюу тууралуу демилгесин колдоп, аталган реформаны аягына чыгарууга чакырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинде жасалып жаткан реформалар тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликте жасалып жаткан иштер — болгону калыбына келтирүү.

«Анткени буга чейин чет өлкөдөн келгендер реформа деп, «поликлиникаларды үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору» кылып өзгөртүп, «жамандын коногу бийлейт» болуп калган. Муну баары каражаттын жоктугунан, кедейчиликтен болуп келген. Сырттан келгендер: «Үч тыйын беребиз, ал үчүн мобу-мобу иштерди аткарышыңар керек», — деп келген. Ошондуктан азыркы бийликтин негизги саясаты — керектүү каражатты өзүбүз тапканга аракет кылып жатабыз. Элге өзүбүздөн башка эч ким кам көрө албайт. Эми баарын өзүбүз билебиз жана өзүбүз чечебиз. Жакында чечкиндүү кадамдарга барабыз».

Талкуу маалында саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо, дарылоо мекемелерин куруу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, дарыгерлердин иш-тажрыйбасын арттыруу жана ооруканалардагы тейлөөнү жакшыртуу маселелери боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга карата такталган бюджети кирешелер боюнча 19 млрд 985 млн 582 миң сом суммасында түзүлүп, бекитилген бюджеттен 4  млрд 551 млн  732 миң сомго көп болгон.

Ал эми фонддун 2022-жылдагы бюджетинин болжолдуу кирешесин 19 млрд 960 млн  251 миң сом, 2023-жылы 20 млрд 29 млн 751 миң сом, 2024-жылы 20 млрд 590 млн 206 миң сом өлчөмүндө бекитүү мерчемделүүдө.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM