Биз менен байланышыңыз

Германия Орусияны аскердик операциясын токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 312 | 0

Германия Орусияны аскердик операциясын токтотуп, Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Германия ошондой эле Орусияны Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарын таануудан баш тартууга үндөдү.

«Орусия дароо багытын өзгөртүшү керек. Биринчиден, мен Орусияны чыңалууну азайтууга, Украинадан аскерлерин, атап айтканда, өзүн өзү жарыялаган аймактардан жана Крым жарым аралынан, ошондой эле Украинанын чек арасынан чыгарып кетүүгө чакырам. Экинчиден, Орусия Украина менен толук масштабдуу куралдуу кагылышууну күчөтө турган аракеттерден алыс болушу керек. Үчүнчүдөн, мен Орусияны жикчил уюмдарды таануу чечиминен баш тартууга чакырам», — деди Германия Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Тобиас Линднер.

Бүгүн, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы кырдаалга байланыштуу атайын аскерий операция баштоого буйрук берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM