Биз менен байланышыңыз

Жо Байден Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 1138 | 0

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Ал мындай кол салуунун кесепетине жалгыз Орусия жооптуу болорун эскертти.

«Бүгүн түнү бүткүл дүйнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн негизсиз чабуулунан жапа чегип жаткан Украина элине бейпилдик тилейт. Президент Путин өлүмгө жана азапка алып келе турган согушту атайы тандады. Бул кол салуу алып келе турган өлүм жана кыйроо үчүн жалгыз Орусия жооптуу болот. Дүйнө Орусиянын жооп берүүсүн талап кылат», — деди Байден.

Ал кырдаалга көз салып, Улуттук коопсуздук боюнча командасынан маалыматтарды үзгүлтүксүз алып турарын айтты. Ошондой эле G-7 алкагында башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, андан соң Украинага кол салган Орусияга каршы биргелешкен жооп кайтаруу чечимин кабыл алышарын билдирди.

24-февралда таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу кылып, Донбаста атайын аскердик операция жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM