2021-жылдын аягында Улуттук банктын эл аралык резервдериндеги алтындын наркы 2020-жылга салыштырмалуу 1,72 эсе төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
2020-жылы бул көрсөткүч 1 млрд 17,9 млн долларды түзгөн. 2021-жылдын аягында ал 591,8 млн долларга чейин азайган.
Запастагы алтындын эң жогорку деңгээли апрель айында 1 млрд 17,9 млн доллар болгон. Андан кийин азая баштаган.
Былтыркы жылдын июнь айында 2,3 эсе төмөндөгөн. Андан кийин 985,2 млн доллардан 430,4 млн долларга төмөндөдү.
Бирок андан кийин өсө баштады. Өлкөнүн алтын запасы 539 миң трой унциясынан 327 миңге чейин азайды.