Биз менен байланышыңыз

Алимбаев: Баткен апрель окуясында 1 млрд 351 млн сом зыян тартты

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 258 | 0

Өткөн жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан кийинки чыгым 1 млрд 351 млн сомду түздү.  Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев өкмөттүн көчмө жыйынында маалымдады.

Алимбаев билдиргендей, Баткен окуясында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 173 адам жаракат алган. Облуста 548 миң адам туруктуу жашайт, анын 76%ы — элеттиктер.

Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешип, жалпы чек аранын узундугу 1066 км аралыкты түзөт. Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 392 км, анын ичинде 4 анклав жайгашкан. Ал эми кыргыз-тажик чек арасы 673 км аралыкты түзүп, эки анклав орун алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM