Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы сөзсүз ачылат (видео)

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 1776 | 0

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасы ачыла турганын Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында кабарлады.

Жапаров билдиргендей, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо — Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

«Эми тажиктер менен кечке эле чырдаша бербейбиз. Чек ара сөзсүз ачылат жана турукташат. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине чекит коюлат. Соода алакабыз мындан ары уланат деп биз ишенебиз. Алар да «Эркечтам» өткөрмө бекети аркылуу Кытайга аттанат. Муну баары бизге киреше болот. Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев активдүү иш алып барып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM