Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 585 | 0

Баткенде аскердик кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облуста өткөн көчмө жыйында билдирди.

Жапаровдун айтымында, 2021-жылдын май айынан тарта чек арачылардын жана Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50-70%га көтөрүлдү.

2022-жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын күзөт жана конвой департаментинин аскер кызматкерлеринин кызматтык маяналары 50-70%га көтөрүлдү.

«Баткен облусу — чек ара чатактарынын очогу эмес, патриоттуулукка, эрдикке тарбиялай турган жер. Баткен — биздин саясий, аскердик жана экономикалык эгемендигибиздин жери. Бул — Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана бүтүндүгүн камтыган аймак», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM