Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Баткендеги ишканалар 5 жылга салыктан бошотулат

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 214 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында  2020-жылы «Кант түтүк-шифер ишканасы» тарабынан курулган шифер чыгаруучу заводго барды.

Жапаров белгилегендей, аталган завод мыкты менеджердик ишти алып баруунун үлгүсү болуп саналат.

«Биз ар дайым ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого аракет кылабыз. «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Биз өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Шифер заводунун продукциясы Кыргызстандын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерге: Тажикстан жана Өзбекстанга да экспорттолот.

Акылбек Жапаров өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде газобетонду өндүрүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM