Биз менен байланышыңыз

Кожошев: Салынган жолдор көп жыл кызмат кылышы зарыл

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 187 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Исфана шаарындагы кварц кенине жана айнек заводу курулуучу жайга барды.

Айнек идиш заводун куруу чечими өткөн жылы күзүндө кабыл алынган.

Кварц кумунун запастары айнек жана фарфор буюмдарын гана эмес, жогорку технологиялык арматураларды да чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бардык даяр жана кайра иштетилген продукцияларды коңшу мамлекеттерге экспорттоо пландалууда.

Арзыбек Кожошев өкмөттүн артыкчылыктуу ишинин бири катары өнөр жай объектилерин, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүүчү имараттарды ишке берүү болуп саналарын билдирди.

«Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн максималдуу шарттарды түзүшүбүз керек. Бул үчүн бизде адам ресурстары жана зарыл чийки зат да бар. Биз өзүбүздүн муктаждыктарыбызды камсыздап, жумуш орундарын түзүп, даяр продукцияны экспортко чыгарабыз», — деп белгиледи Кожошев.

Андан соң Арзыбек Кожошев «Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай» жолунун, «Кольцо – Сүлүктү» жана «Самаркандек – Дархум» альтернативдик жолдорунун курулушу менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM