Жалал-Абадда кар астында калгандарды издөө иштерине кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
14-февралда Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун (Көк-Арт ашуусу) болжол менен 332-чакырымында жана 338-чакырымында кар көчкү түшүп, «Чайна Роуд» ишканасынын 4 кызматкери кар астында калган.
Бүгүн унаа жолдогу тоннелдин түндүк тарабын изилдөө жана издөө иш-чараларын улантуу максатында дагы 53 куткаруучу тартылды.
Издөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилигинде уланууда.