Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Кышкы туризмге болгон кызыгуу өсүүдө (видео)

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 393 | 0

Бүгүн, 19-февралда «Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү-2022» кайрымдуулук фестивалы ЗиЛ тоо лыжасында өтүүдө.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, ачып берди.

Анын айтымында, быйыл туризимди өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүндү.

«Туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жатат. Инвесторлорду тартууда иштер күч алды. Жакын арада эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа базалары пайда болушу керек. Анын үстүнөн Өкмөт да, министрлик да иштеп жатат. Ошол эле учурда кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратат. Кыргызстандыктар үчүн жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады. Бүгүн тоо лыжаларындагы эс алып жаткандардын 90%ы кыргызстандыктар», — деди Жаманкулов.

2010-жылдан бери жыл сайын ЗиЛ тоо лыжа базасында уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат.

Иш-чарада лыжа тебүү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM