Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ЗиЛ лыжа базасында кайрымдуулук фестивалы өтөт

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 259 | 0

Бүгүн, 19-февралда «Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү-2022» кайрымдуулук фестивалы өтөрүн уюштуруучулар кабарлашты.

Жыл сайын ЗиЛ тоо лыжа базасында уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат.

Иш-чарада лыжа тебүү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолот.

Фестиваль 19-февралда саат 11:00дө башталып, кирүү акысыз болот. Андан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM