Биз менен байланышыңыз

Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болду

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 480 | 0

Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Эркин Каимов 1963-жылы туулган. 1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун «музыка мугалими» адистигинде аяктаган.

15 жылдан ашуун Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында (учурдагы КТРК) диктор, кабарчы, баяндамачы болуп иштеген.

Кийинчерээк Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан да билим алып, андан соң Жогорку Кеңештин жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматын жетектеген, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын төрагасы болгон.

Ал журналист катары эле эмес, композитор-аткаруучу катары да таанымал. «Из калтыр бул дүйнөгө», «Мекенге таазим», «Ишенем бир күн издеп келериңе» сыяктуу бир катар обондордун, композициялык чыгармалардын автору.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM