Биз менен байланышыңыз

Баткен элине 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 241 | 0

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өтүп, анда 17 маселе каралды.

Атап айтканда, Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.

Мындан тышкары тиешелүү органдардын өзгөчө режимдеги аймактарга инвестиция тартуудагы каржылык милдеттенмелери боюнча жобо бекитилди. Анын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү программасына кирген долбоорлорду тоскоолдуксуз ишке ашырууга кепиилдиктер берилет.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле асыл тукум малды көбөйтүү, ирригацияны өнүктүрүү долбоорлору, жер семирткичтерди ЕАЭБдин аймагынан тышкаркы өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салуу, экспресс-тесттерди сатып алууга кошумча каражат бөлүү чечимдери жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM