Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда кудукка түшүп кеткен бала 96 саатта куткарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 471 | 0

Ооганстанда 27 метрлик кудукка түшүп кеткен жети жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу «Бахтар» маалымат агенттиги билдирди.

Куткаруу операциясы 96 саатка созулган. Ага жергиликтүү тургундар жана «Талибандын» коргоо министри Мохаммад Якуб, саясий кызматкери Анас Хаккани, Мавлави провинциясынын губернатору Бисмилла Абдулла да жардам берген.

Жергиликтүү бийлик баланы «Тез жардам» учагы менен ооруканага жеткирген. Абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Эске сала кетсек, 15-февралда Ооганстандын Забул провинциясында 10 жаштагы бала терең кудукка түшүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM