Connect with us

Зардалы, Исфайрам дарыяларына чакан ГЭС куруп жаткан ишкер менен маек

Экономика | 18 Фев 2022 | 2599 | 0

Кыргызстан гидродеңгээли жогору өлкө болгону менен энергетикалык каатчылыкта жашап жатат. Өлкө өзүнүн суу ресурстарын толук жана туура пайдалана албай келет. Бул тармакта 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан жеке ишкер Назарбек Муратов менен энергетикалык кризистен чыгууда чакан жана орто ГЭСтердин орду, жалпы эле энергетикадагы абал, анын келечеги тууралуу сүйлөштүк.  

— Кыргызстан чакан ГЭСтерди курууга канчалык муктаж?

 —Кайсы гана мамлекет болбосун, экономикасынын өсүшү үчүн электр энергиясы менен туруктуу камсыз болуп турушу талашсыз маселе. Демек, бул тармакта атаандаштык сөзсүз болушу керек. Токтогул ГЭСинен көз карандылыктан чыгып, ири гидроэлектр станциялары менен катар чакан ГЭСтерди курууну да күчөтүү зарыл деп эсептейм. Анткени өндүрүш өнүккөн сайын электр энергиясына болгон муктаждык да өсөт.

— Сиздер кандай типтеги ГЭСтерди куруп жатасыздар?

 —Биз деривациялык типтеги чакан ГЭСтерди курабыз. Мындай гидроэлектр станциялары сууну топтобой, атайын казылган каналдар аркылуу агрегаттарга жеткирип берет. Андан соң, суу кайра дарыяга коё берилет.

Учурда дүйнөлүк компаниялардын көпчүлүгү деривациялык өндүрүшкө өтүп жатышат. Бул ыкманын артыкчылыгы: биринчиден, суу каптоо коркунучу жок; экинчиден, курулушу көп каражатты талап кылбайт; үчүнчүдөн, экологияга зыян келтирбейт.

— Бул тармактагы тажрыйбаңыз тууралуу айта кетсеңиз?

 —Иним Дүйшөнбек Муратов — энергетик. Экөөбүздүн бул тармакта иштеп жатканыбызга 10 жылдан ашты. Алгач кубаты 10 кВт/саат болгон чакан ГЭС курганбыз. Тажрыйбабыз жетишпей, аягына чыкпай калдык. Аябай изденип отуруп, 50 кВт/саат электр энергиясын өндүргөн гидростанция тургуздук. Бара-бара тажрыйба арттырып, 250 кВт/сааттык чакан ГЭСти ишке киргиздик. «Көрө-көрө көсөм болот» дейт, азыр саатына 1000 кВт электр энергиясын иштеп чыгарган чакан ГЭСти куруп бүтүрдүк.

Андан сырткары, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясында 2 чакан ГЭСтин курулушун жүргүзүп жатабыз. Экөөнүн жалпы кубаттуулугу 16 мВт/саатты түзөт.

Азырынча эң ири долбоорубуз – Зардалы чакан ГЭСи. Кубаттуулугу – 29 мВт/саат. Мындай көлөмдөгү электр энергиясы Баткен районун жарык менен толук камсыз кылат. Учурда документация иштери жыйынтыкталууда.

— Чакан ГЭСтерди куруу менен энергетикалык каатчылыктан чыгууга мүмкүнбү?

-Эгер чакан ГЭСтер үчүн мүмкүнчүлүктү толук колдоно алсак, анда каатчылыктан чыгууга шарт түзүлөт. Бул үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү зарыл. Бизде тариф жогорулады дегенде эле дүрбөлөңгө түшмөй адатыбыз бар. Ошол эле учурда башка нерселерге, мисалы, интернетке канча болсо төлөй беребиз. Үйгө туташтырылган жана ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн чөнтөк телефонунун интернети үчүн төлөнгөн каражатты кошкондо, бир айда электр энергиясына берилген төлөмдөн 2-3 эсеге көп. Ошондуктан, тарифтерди кайра карап чыгуу бул тармактын өнүгүшүнө импульс берет.

Ички жана аймактык рынок үчүн Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү кандай?

-Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү 142 млрд киловатт/саатты түзөт. Биз анын төрттөн бирин да өздөштүрө элекпиз. Бул дараметти реализациялоо үчүн инвестиция тартуу зарыл. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, тарифтер кайра каралганда гана инвесторлор бул тармакка каражат сала башташат.

Ири жана чакан ГЭСтерди куруу ички керектөөдөгү көйгөйлөрдү чечип, коңшу өлкөлөргө да экспорт кылууга мүмкүндүк берет. Мисалы, CASA-1000 долбоору аркылуу Кыргызстан өндүргөн электр энергиясын энергетикасы тартыш Ооганстан жана Пакистанга кымбат баада сатса болот. Бирок, транзиттик линиялар курулуп бүткөн учурда да Кыргызстан энергетикалык каатчылыктан чыга албаса, анда экспорт маселеси көйгөй жаратышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Борбордук Азия калкынын саны динамикалуу түрдө өсүп жаткан аймак. Аны менен катар өнөр жай өндүрүшү да өнүгүүдө. Демек, аймак кошумча энергетикалык кубаттуулукка муктаж. Бул рынокто да Кыргызстандын гидромүмкүнчүлүгүн колдонуу керек.

«Жашыл миллиард» программасы боюнча оюңуз?

 — «Жашыл миллиард» — Энергетика жана өнөр жай министрлигинин демилгеси. Программада кичи гидроэнергетика жана жалпы эле энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан жакшы багыттар көрсөтүлгөн. Пикиримде, бул механизм генерация объекттерин курууну жөнгө салып, энергетикалык балансты туура пландоого өбөлгө түзөт. Бул — коңшу өлкөлөрдөн импорттоп жаткан электр энергиясын ошол эле тариф менен өзүбүздүн компаниялардан сатып алат дегени. Демек, бул программа чакан ГЭСтердин дараметин колдонууда абдан зарыл.

Андан сырткары «Жашыл миллиард» — экологиялык жактан да маанилүү программа.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM