Биз менен байланышыңыз

Семетей Талас уулу күбө катары сурак берип чыкканын айтты

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 361 | 0

Бүгүн, 18-февралда журналист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты.

Аны эртең менен үйүнөн алып кетишкен. Семетей Талас уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, үйүнөн диний китептерди алып кетишкенин айтты. Бирок ал Муфтияттын уруксаты менен чыгарылганын кошумчалады. Бул китептер экспертизага берилет.

Ал шектүү катары чакырылбаганын, күбө катары сурак берип чыкканын, адвокатка муктаждык болбогонун айтты. Журналист эки сааттык сурактан кийин бошотулду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 18-февралда журналист Семетей Талас уулу кандай иштин негизинде кармалганы боюнча маалымат берди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 18-февралда Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды жайылтуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т. УКМКга жеткирилген.

Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM