Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Электр тармактары ишканасынын кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 448 | 0

Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, райондук электр тармактары ишканасынын (РЭТ) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузганы үчүн негизсиз акт түзүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатышканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери Р.А.Т. арыз ээси Н.С. аттуу жарандан опузалап талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Прокуратурадан кабарлашкандай, кызматкер Өзгөн райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иш козголгон. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM