Биз менен байланышыңыз

Баткендиктердин жашоосун баяндаган сүрөт көргөзмө ачылды

Билим-маданият | 17 Фев 2022 | 2673 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Баткен күрүчүн өстүрүүгө арналган «Күрүч даны» даректүү сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөгө сүрөтчү Данил Усмановдун 80 чыгармасы коюлган.

Анда Кыргызстандын түштүк аймагындагы адамдардын жашоосу жана күрүчтүн сапатын жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды кандай колдонору баяндалган.

Көргөзмө «Кыргызстандагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» Кыргыз-немис-швейцар программасы тарабынан колдоого алынып, Германия менен Швейцариянын өкмөттөрү каржылаган.

«Күрүч даны» көргөзмөсү Кыргызстандын алыскы аймагы кандай жашап жатканын чагылдыруу болуп саналат.

«Биз күрүч өстүрүүдө түшүмдү алуудан сатууга чейинки жана Баткен дыйкандарынын турмушундагы кубанычтуу окуяларын чагылдыра алдык», — дейт Акжибек Бейшебаева.

«Кыргызстандагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын алкагында баткендик дыйкандарды күрүч өстүрүүдө сууну үнөмдүү колдонууга үйрөтүү мерчемделип жатат.

Көргөзмө 3-мартка чейин коюлат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM