Connect with us

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтө турган эл аралык турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 17 Фев 2022 | 628 | 0

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтө турган олимпиадалык күрөш боюнча эл аралык турнирге катышат.

23-27-февраль күндөрү Стамбулда Яшар Догу, Вехби Емре, Хамит Каплан эл аралык турнири өтөт. Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, мелдештерге Олимпиада оюндарында, дүйнө биринчиликтеринде чемпион болгон балбандар да келет.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу. Кыргызстандан Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын, «Даңк» медалын, II даражадагы «Манас» орденин алган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM