Биз менен байланышыңыз

Бразилиянын Петрополис шаарын сел алып, 100дөн ашуун адам каза тапты (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 384 | 0

Бразилиянын түштүк-чыгышында кара нөшөр төгүп, Петрополис шаарынан 100дөн ашуун адам каза тапты. Көз жумгандардын арасында сегиз бала бар экенин «РИА Новости» билдирди.

Кара нөшөр селге айланып, Петрополис шаарынын көчөлөрүн жууп, бир нече турак жайды кыйратып кеткен.

Учурда шаар бийлиги жана тиешелүү органдар урандыда калып же селге агып, дайынсыз жоголгондорду издеп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата уранды баскан 24 адам куткарылган.

Мындай нөшөр акыркы 90 жылдан бери боло элегин айкан Браизилия бийлиги шаарга аза күтүү жарыялап, өзгөчө кырдаал режимин киргизди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM