Биз менен байланышыңыз

Гонконгдун тургундары коронавируска каршы текшерүүдөн өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 295 | 0

Гонконгдун дээрлик бардык тургундары коронавируска каршы тесттен өткөрүлөт. Акыркы маалыматтар боюнча, бир суткада төрт миңден ашуун вирус жугузгандар аныкталган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Учурда аэропортко атайын чектөө чаралары киргизилди. Жүргүнчүлөр беткап тагынууга, аралыкты сактоого милдеттендирилди.

Кытайдын административдик аймагында 7,5 миллион адам жашайт. Күн сайын бир миллион жаранды сыноодон өткөрүү мерчемделип жатат. Жалпысынан тургундар үч жуманын ичинде үч сыноодон өтүшү керек. Баш тарткандарга 1300 доллар айып салынат.

Ошондой эле Гонконгдун бийлиги вирус жугузуп алгандар үчүн дагы жети мамлекеттик клиника ачты. Бирок ал жакта орун жок болгондуктан, жакынкы арада бейтаптарды мейманканаларга жайгаштыруу пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM