Биз менен байланышыңыз

«Соцфонддун 2020-жылга бюджетинин» отчёту: Миллиарддан ашык мыйзам бузуу аныкталган

Экономика | 17 Фев 2022 | 1311 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында күн тартибине коюлган «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчёту экинчи окууда каралды. Өткөн жумада депутаттар Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга келбегенинен улам отчёттук мыйзамды кароодон баш тартышкан. Бул мыйзам долбоорунун кечигип каралышын тиешелүү жетекчилер парламенттин алмашуусу жана шайлоолор менен байланыштырууда. 

«Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчёту кирешелер боюнча 56 млрд 56 млн 85 миң 400 сом суммасында, чыгашалар боюнча 56 млрд 635 млн 942 миң сом суммасында бекитилген.

Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөновдун айтымында, Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышына карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында эмгек акы, пенсия жана жөлөк пул төлөөдө, иш сапарга чыгуу акыларын берүүдө каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

«Жыл ичинде өлкө бюджетинен 230 млн сом белгиленген суммадан ашыкча алынган. Бул Каржы министри менен Соцфонддун  пландаштыруудагы кемчилиги болгон. Соцфондго Эсептөө палатасынын аудити, корутундулары боюнча иш алып барып, кемчиликти жоюу, Каржы министрлиги менен биргеликте республикалык бюджеттен бериле турган трансферттердин суммасын айкын камсыздоо сунушу берилди. Бул маселелер комитеттин көзөмөлүндө болот». 

2020-жылы Социалдык фонддун бюджетинде каралган пенсиялык фонддо 52 млрд сом болсо, ал толук жумшалган. Социалдык фонд 2020-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарга акча салуудан 103,2 миллион сом киреше тапкан.

Талкуу маалында депутаттар Надира Нарматова жана Адахан Мадумаров пенсияга чыгууда өмүр бою мамлекетке иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп, бирок аягында иштебеген жарандар менен бирдей өлчөмдө пенсия алган учурларды аташып, бул маселелерди карап чыгууну сунушташты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да пенсия бөлүштүрүүдө калыссыздык маселеси бар экенин белгилеп, жакында бул боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого сөз берди.

«Социалдык фонддун топтолушу жана пенсияга бөлүштүрүүдө калыстык болбой жатат. Өмүр бою иштеп, соцфондго салым кошкондор да бир акча, иштебей эле же иштеп жүрүп төлөбөй калгандар да сөзсүз түрдө пенсия алып жатат. Ошондуктан учурда дисбаланс бар. 2023-жылы 1-январдан тарта бардык пенсия жашоо минимумунан кем болбошу керек. Азыркы учурда бул маселе эксперттер, жарандык коом жана жеке менчик пенсиялык фонддор менен биргеликте талкууланып жатат. Бул багытта чечкиндүү чечимдерге баруу керек болуп жатат».

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов 2020-жылы Социалдык фонддогу каржылык мыйзам бузуулардын көлөмүнө кызыкты.

Өз кезегинде Эсептөө палатасынын өкүлү Мукаш Арзыбаев жалпы 1 млрд сомдон ашуун мыйзам бузуу аныкталганын, анын 230 миллиону кайтарылганын айтты.

«Бизде үч форма бар. Биринчи форма боюнча 41 млн 415 миң, экинчи форма боюнча 323 млн 404 миң, үчүнчү форма боюнча 538 млн сом. Жалпы 1 миллиарддан ашык мыйзам бузуу аныкталган. Каржы министри аркылуу анын 230 млн сому кайтарылды. Калган 800 млн сом да кайра ордуна коюлган. Резервдик фонддон булар пенсиялык фондго алышкан, кийин аны ордуна коюшкан». 

Талкуу маалында социалдык багыттагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, жөлөк пул чегерүү маселеси курч экени белгиленди.

Социалдын фонддун топтомунда 29 млрд 945 млн сомдон ашуун акча бар экени маалымдалды. Ошол эле учурда Соцфонддун өзүнүн жеке банкын ачуу боюнча долбоор Өкмөткө жиберилгени маалым болду.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу» мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамы экинчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM