Биз менен байланышыңыз

«Алты айда Орусиядагы 201 кыргызстандык «нашаа менен» кармалды»

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 638 | 0

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков мигранттардын укуктуу аң-сезимин даярдоо үчүн керектүү системаны ойлоп табуу зарылчылыгын белгиледи.

Анын айтымында, өткөн жылдын 6 айында Орусияда «наркотикалык заттарды сатты, даярдады» деген шек менен 201 бала кармалган.

«Балдар 11-классты бүтөрү менен эч ойлонбой туруп, Орусияга кетип жатат, ата-энелер да ага уруксат берүүдө. Өткөн жылдын 6 айында Орусияда «наркотикалык заттарды сатты, даярдады» деген шек менен 201 бала кармалган. Алар эмне ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Жумасына 10-15 миң рублдан акча деген жаранамаларга кызыгып барып жатышат. Ошентип шылуундардын торуна илинишүүдө. Балдарга убал эле болууда. Буга өзүбүз эле күнөөлүбүз. Ата-энелер да түшүндүрбөйт, мамлекетте мигранттар боюнча система да жок. Мына ошол мигранттар боюнча керектүү системаны ойлоп таап, иштеп чыгышыбыз керек. Биз да буга катышууга даярбыз. Ушул багыт боюнча иштейли», — деди Кадырбеков.

Эске салсак, учурда Орусияда 1 млн 200 миң кыргызстандык эмгектенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM