Биз менен байланышыңыз

Икрамов «Жалал-Абад -Ташкент» темир жол каттамын кайра жандандырууну сунуштады

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 203 | 0

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Жалал-Абад -Ташкент» темир жол каттамынан жүргүнчү ташууну кайрадан уюштуруу сунушун берди.

Анын айтымында, аталган темир жол каттамы менен жергиликтүү тургундардын бир топ маселеси чечилип, экономикалык байланыш күчтөнөт.

«Ошол эле учурда темир жол аркылуу туристтердин келүүсүн камсыздасак болот», — деди Икрамов.

Икрамов бул боюнча парламенттин төрагасы Талант Мамытовго кайрылып, тиешелүү протоколдук тапшырма берүүсүн өтүндү.

Эске салсак, Кыргызстандагы алгачкы темир жол Жалал-Абад облусунда курулган. 1999-жылдан бери Жалал-Абад темир жол бекетине жүргүнчү ташыган поезд келе элек. Станция учурда жүк ташуу менен гана алектенип калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM