Биз менен байланышыңыз

Депутат тарыхты изилдетүү үчүн Молдокасымовго каражат бөлүүнү сунуштады

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 1238 | 0

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев тарыхты изилдөөсү үчүн Кыяс Молдокасымовго керектүү каражат бөлүп берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, кыргыз тарыхы санжыра деңгээлинде гана калууда.

«Кыргызстандын тарыхын Алматыдан, Ташкенттен, Кытайдан, Орусиянын архивдеринен изилдейт элем деп, 7 млн сом издеп таппай жүрөт. Тарыхыбызды изилдеп, элге жеткирүү — биздин түздөн-түз милдетибиз. Ошондуктан Кыяс Молдокасымовго Өкмөт ошол сумманы бөлүп берсе, каяктан, кандай келгенибизди тактап билет элек», — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал бул боюнча парламенттин төрагасы Талант Мамытовго кайрылып, тиешелүү протоколдук тапшырма берүүсүн өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM