Биз менен байланышыңыз

Абдиманап Масалиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болду

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 215 | 0

Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап Масалиев шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 3-протоколук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан арызы кабыл алынды.

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM