Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан үч бейтап каза болуп, дагы 54 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 166 | 0

Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 25, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM