Биз менен байланышыңыз

Касымалиева БУУнун Башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 225 | 0

15-февралда Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү Аида Касымалиева Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришке ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Касымалиева Садыр Жапаровдун атынан каалоо-тилек айтып, өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо жаатында жасап жаткан, жасай турган иш-чаралары тууралуу маалымат берген.

Антониу Гутерриш жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жаатында жасала турган иштерине ийгилик каалаган.

БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтердин болуусун айткан.

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болуп өткөн жылдын 21-декабрында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM