Биз менен байланышыңыз

Зеленский 16-февралды Улуттук биримдик күнү деп жарыялады. Бул күнү Орусия чабуул жасашы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 1273 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский украин калкына кайрылуу жолдоп, 16-февралды Украинанын биримдиги күнү деп жарыялап, мамлекеттик майрам катары бекитти.

«Бизге 16-февралда аскердик кол салуу болору айтылууда. Биз бул датаны өлкөдө улуттун биримдиги күнү деп жарыялайбыз. Биз так ушул күнү улуттук желегибизди бийик көтөрүп, көк-сары ленталарды байлап, дүйнөгө украин калкынын биримдигин көрсөтөбүз», — деп билдирген президент Зеленский.

Зеленский учурда Украина мурдагыдан да күчтүү өлкө экенин, ар кандай коркунучка каршы турууга даярдыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Батыштагы бир катар басылмалар жеке булактарына таянып, 16-февралда Орусия Украинага кең масштабдуу куралдуу кол салуусун баштай турганын жазган болчу. АКШ президенти Жо Байден НАТОнун өкүлдөрү менен жолугушууда да 16-февралда Украинага аскерий кол салуу башталышы мүмкүн деген сөздү айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM