Биз менен байланышыңыз

Канада Украинага курал-жарак жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 308 | 0

Канада бийлиги Украинага 7,8 миллион долларлык (6,1 миллион АКШ доллары) курал-жарак, ок-дары жөнөтөт. Бул тууралуу премьер-министр Жастин Трюдо билдиргенин CTV News жазды.

Айта кетсек, Канада өкмөтү Киевге 120 млн доллар жардам берген болчу. Эми да 500 млн доллар кошумча насыя берүүнү көздөп жатат.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Жастин Трюдо телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда өлкө лидерлери Украинадагы чыңалууну басаңдатуу боюнча дипломатиялык аракеттерди талкуулаган. Зеленский Трюдого каржылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM