Биз менен байланышыңыз

АКШ: Вашингтон беткап кийүү талабын алып салат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 241 | 0

АКШнын борбору Вашингтондун бийлиги 1-марттан тарта көпчүлүк коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап кийүү талабын алып салат. Бул тууралуу шаар мэри Мюриэл Боузер Twitter баракчасына жазды.

Эми ресторандарга, барларга, дүкөндөргө, дарыканаларга, чиркөөлөргө жана башка коомдук жайларга кирүү үчүн беткап кийүүнүн кереги жок. А бирок мектептерде, китепканаларда, медициналык мекемелерде, карылар үйүндө, коомдук унаада беткап режими күчүндө калат.

Ошол эле учурда жеке менчик компанияларда беткап кийүү жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн тастыктаманы талап кылуу бизнес ээлеринин ыктыярына коюлат. Бийлик 15-февралдан тарта мындай мекемелерде иштегендердин эмдөөдөн өткөнүн текшерүүнү токтотту.

Вашингтон тургундарынын дээрлик 70% ы толук эмдөөдөн өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM