Тимур Файзиевдин акылы, энергиясы «Асман» шаарын курууга жетет. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
Ошондой эле ал Файзиев азыр долбоордун үстүнөн иштеп жатканын, ага дагы эки ай убакыт бергенин маалымдады.
Эске салсак, Тимур Файзиев «Асман» шаарын куруудагы долбоордун жетекчиси болуп дайындалган. Коомчулукта ага кылмыш иши козголгону айтылып, ар түрдүү нааразычылыктар жаралган.