Бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналистерге маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал өткөн жылдын октябрында Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган.
Жаңы Конституцияга ылайык, Акылбек Жапаров Президенттин администрациясын да жетектейт.
Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлүп, бекитилгенден кийин Акылбек Жапаров биринчи жолу маалымат жыйын өткөрүүдө.