Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 221 | 0

Кыргызстанда 15-февралга карата коронавирус 55 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 428 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 18 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 121 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 178 киши айыгып чыкса, 2 миң 932 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM